Коркпой, каалаган талапкерге добуш бер! (видео)

882

Шайлоодо алданбай, кантип туура добуш берүү керек? Бүгүн адистер жаран участканын босогосун аттагандан баштап, эмне кылышы керектигин тажрыйба жүзүндө көрсөтүштү. Эң башкысы, жаран туура тандоо жасап, жаккан кандидатына добуш берүүдөн эч коркпошу керек. Анткени шайлоо купуялыгы толугу менен сакталат. Кимдин кайсы кандидатка добуш бергенин таап чыгуу таптакыр мүмкүн эмес. Андыктан жарандар конституциялык укугун пайдаланып каалагандай тандоо жүргүзө алышат. Ошондой эле, бүгүн адистер маалыматтык шайлоо системасынын колдонулушу боюнча түшүндүрмө беришти.