Кол коюлган документтердин көбү коопсуздукка багытталган (видео)

5841

Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы жыйынтыкталып, анын алкагында 15 документке кол коюлду. Алардын басымдуу көпчүлүгү коопсуздук маселелерине арналган. Тактап айтканда, глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө, тажик-афган чек арасындагы, деги эле Тажикстанга чектеш аймактардагы чыңалууну чечүү жана уюмдун алкагында алаканы жакшыртуу.

Жыйында кийинки жылда ЖККУга төрагалык кылуу вазийпасы Россияга өткөрүлүп берилди. Өлкө жетекчилери Кыргызстан төрагалык кылган 2019-жылы уюмда коопсуздук маселелерине жана кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга артыкчылык берилгенин белгилеп жатышты.