Кол салууга аскерлер менен бандиттик түзүмдөр катышкан (видео)

2428

Тажикстан аскердик агрессия аркылуу Кыргызстандын аймагын басып алуу аракетин көрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тараткан билдирүүдө айтылат. Анда кошуна өлкөнүн аскерлери менен бандиттик түзүмдөрү Кыргызстандын эгемендигине жана бүтүндүгүнө кол салып, тынч жашаган элди, чек араны коргогон аскерлерди, коопсуздукту камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, жапырт атуучу оор аскердик куралдардан ок чыгарышты деп жазылган.

Эл аралык мамилелер боюнча адистер дагы Тажикстан Кыргызстанга карата агрессия жасап Бириккен улуттар уюмунун уставын бузганын айтышууда. Андыктан өлкө эл аралык кылмыш сотуна кайрылуусу зарыл. Ал үчүн Кыргызстандын бардык далилдери жетиштүү.