Көлмөдө өстүрүлгөн балыктар кырылууда (видео)

1440

Чүйдө атайын жайларда өстүрүлгөн балыктардын массалык кырылуусуна химиялык элементтер себеп болгон эмес. Балык чарба департаментинин өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, экспертизанын жыйынтыгында өлгөн форелдин этинен мышьяк, нитрат оңдүү зыяндуу заттар табылган жок. Ал арада айрым ишкерлер балыктар мөөнөтү өтүп кеткен жемге ууланган болушу мүмкүн деген божомолдорун да айтышууда.

Эске сала кетсек, өткөн жумада Чүй областынын Ысык-Ата жана Чүй райондорунда 10го жакын чарбада балыктардын массалык кырылуусу катталды. Анын жыйынтыгы менен Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы бул продукцияны сатууга убактылуу чектөө койгон.