Командировкада күнүнө 20 миңден короткон кызматкерлер (видео)

973

Депутаттар, министрлердин кызматтык унаа пайдаланып жүргөнүн туура эмес деп эсептешет. Алардын айтымында, аткаминерлер дагы эл өкүлдөрү сыяктуу мамлекеттик машинадан, айдоочудан баш тартса бюджетке бир топ эле пайда келмек. Акыркы учурда парламентте бул маселе көп көтөрүлө баштады. Буга айрым мекемелердин бюджеттик акчаны сарамжал колдонбой жатканы себеп болууда. Алсак, депутаттын эсептөөсү боюнча, айрым мамлекеттик каттоо кызматкерлер өлкө ичинде иш сапарга чыкканда эле, күнүнө 20 миң сомдон коротот экен. Ал арада, Эсептөө палатасы министрликтерде транспорттук чыгымдарга, командировкаларга каражат ашыкча сарпталып жатканын аныктады.