Комиссия ЖЭБдеги авария боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады

655

Бишкек ЖЭБдеги аварияга жабдыктарда суунун аз болушу, мекеменин кышка жакшы даярданбаганы, үчүнчү блокту ишке киргизүү көпкө созулганы жана оперативдик кызматкерлердин кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча макулдашпай иш алып барганы себеп болгон. Мындай бүтүмгө мекемелер аралык комиссия келген.

Алдын-ала чыгарылган корутундуда Жылуулук электр борборунун ишинде одоно мыйзам бузуулар табылганы айтылат. Мунун кесепетинен шаардыктар эң суук күндөрү жылуулуксуз калышкан. «Электр станциялары» ишканасы менен «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ТЭЦке аба ырайы кескин суук болоорун эскертип, авариялардын алдын-алууну тапшырган.

Буга карабай, жылуулук борбору 30 градус суукка даярданбай, от казандары, негизги түтүктөр тоңуп калып, тез чара көрүүгө мүмкүн болгон эмес.