«Коммерциялык Банк Кыргызстан» жашыл шаар үчүн! (видео)

799

«Кыргызстан коммерциялык банкынын» кызматкерлери Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын арт жагындагы гүл бакка 6-7 жылдык көчөттөрдү отургузушту. Анда дарактын үч түрү бар.
Кызыл, ала же чаар жалбырактуу клен көчөттөрү. Бишкек шаарынын башкы агрономунун айтымында, чаар жалбырактуу клен көчөттөрү Бишкектин эс алуу жайларында биринчи жолу отургузулууда.