«Коммерсантъ» Орусия Коргоо министрлигиндеги рекорддук өлчөмдөгү пара тууралуу жазды

822

Полковник Александр Вакулин жеке компаниялар менен келишим түзүүдөгү колдоосу үчүн 368 миллион рубль өлчөмүндө пара алган деген шек менен октябрдын аягына чейин тергөө абагына камакка алында. Бул тууралуу шейшембиде «Коммерсантъ» жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, бул Орусия Коргоо министрлигинин тарыхындагы рекорддук өлчөмдөгү пара болуп эсептелет.

Коргоо министрлигинин азык-түлүк башкармалыгынын техникалык камсыздандыруу бөлүмүнүн 46 жаштагы башчысы коргоо мекемеси үчүн атайын техникаларды сатып алуу боюнча келишим түзүүгө жардам берүү үчүн пара алган деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча полковник андан тышкары бизнесмендерди «калкалоо» үчүн дагы пара алган.