Компьютер менен иштегени үчүн кимдер айлык алып жүргөн? (видео)

618

Улуттук энергохолдинг компаниясында 1 миллион сомдон ашуун финансылык мыйзам бузуу аныкталды. Эсептөө палатасы билдиргендей, аталган мекеменин 2016-жылдагы чыгымдалган каражаттарына аудит жүргүзүлүп, анда холдингдин кызматкерлерине «эмгек шарттарынын зыяндуулугу» үчүн 300 миң сом төлөнүп берилиптир. Тактап айтканда, холдингдин кызматкерлери компьютерде отуруп иштегендери үчүн кошумча акча алышкан.

Эсептөө палатасынын өкүлдөрүнүн айтымында, бул каражатты төлөп берүү үчүн алгач кызматкерлердин жумуш орундары, тактап айтканда, компьютерлери атайын текшерүүдөн өтүп, алар канчалык зыяндуу экени аныкталышы зарыл болчу. Бирок ал иш жасалган эмес. Улуттук Энергохолдинг компаниясынын жетекчилиги болсо, кошумча каражат мыйзамдуу төлөнгөнүн айтышууда.