Көмүр алууга мүмкүнчүлүгү жетпеген үй-бүлөлөргө жардам (видео)

1924

Жылуулук тартуулаңыз. Өлкөдө дал ушундай аталыштагы акция башталды. Демилгени кайдыгер эмес жарандар жана ишкерлер колдоого алууда. Анда көмүр алууга мүмкүнчүлүгү жетпеген үй-бүлөлөрдү отун-суу менен камсыз кылуу каралган.

Ага ылайык, жардамга муктаж жарандар жарандык активисттерге же ушул иш-чараны жылда өткөрүп келе жаткан адамдарга түз кайрылса болот. Уюштуруучулардын айтымында, пандемия кесепетине байланыштуу быйыл коомчулуктан колдоо күткөндөрдүн саны эки эсеге өскөн. Алардын арасында чиедей балдарын жалгыз баккан энелер арбын.