Көмүр кесектерине суроо-талап өстү (видео)

2126

Бишкектин бир топ көмүр саткан базаларында кардарлардын узун кезеги пайда болуп, кара отундун тоннасына 700-800 сомго чейин кошулганы маалым болду. Бул тууралуу шаар тургундары жазып чыгышты. Алар кезекте 2 сааттап күтүп турган видеолорун соцтармактарга жайгаштырып жатышты.

Ошол эле учурда Бишкек жылуулук электр борборунда жагылгандан кийин чыккан калдык көмүргө дагы суроо талап көбөйдү. Ал жерде көмүр кесектерин элеп сатып, үй-бүлөсүн баккандардын айтымында, учурда алуучулардын саны бир топ эле арбыды.