Көмүр кымбаттоодо. Күнөө кимде? (видео)

2401

Көмүрдүн тоннасы дагы 2 миң сомго чейин кымбаттап, эл кара отунга жетпей жатат. Мамлекет бекитип берген нарк көзөмөлдөнгөн жок. Өзгөчө аймактарда кырдаал курч экенин жергиликтүүлөр айтып чыгышууда. Мисалы, Нарын областы жылына буга чейин көмүр менен 90 пайызга чейин камсыздалып калса, быйыл тургундар кара алтын таппай кыйналышууда.

Азырынча тургундар жайында жыйнап алган отун-суу менен жан сактап жатышыптыр. Башка аймактарда болсо, көмүр мамлекет бекиткен нарктан эки эсе кымбат баада сатылууда. Тиешелүү мекемелер болсо кырдаалды жөнгө салуунун ордуна бири бирин күнөөлөө менен алек болуп, колдору бошобой жатышат.