Көмүр тартыш болсо эл кантет? (видео)

1058

Кыш мезгилинде көмүрдүн баасы бир кыйла кымбаттап кетиши мүмкүн. Бул тууралуу тиешелүү адистер айтышууда. Акыркы 1 ай аралыгында эле көмүрдүн баасы 20 пайызга кымбаттап, 4,5 миң сомго жакындаган. Анын негизги себеби Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жаралган оор кырдаал. Кошуна өлкө көмүр экспортоого чектөө киргизген. Буга байланыштуу биздин ички базарда атаандаштык азайып, ишкерлер отундун баасын көтөрүшүүдө. Ал арада Экономика министрлиги быйылкы күзгү-кышкы сезондо өкмөт көмүргө болгон бааны жөнгө сала турганын билдирди. Бирок ал кандай жол менен ишке ашат, азырынча белгисиз. Себеби бул чараны колдонуунун механизмдери так иштелип чыга элек.