Көмүр тартыш. Дагы канчага чейин кымбаттайт? (видео)

776

Бүгүнкү күнү Бишкекте көмүр 700 сомго чейин кымбаттады. Учурда калаанын отун базарында бир тонна көмүр 4000 сомго чейин сатылып жатат. Баанын жогорулашы сууктун кескин түшкөнүнө деле байланышы жок. Акыркы убакта, Казакстандан көмүр келбей калып, жергиликтүү отундун кымбатташына алып келүүдө. Жакында эле, кошуна өлкөнүн Экономика министрлиги кышка даярдануунун алкагында, көмүр экспорттоону токтото турууну демилгелеген. Ал эми жергиликтүү базарда Казакстандан ташылган отунга суроо талап көбүрөөк. Бирок өлкөнүн өзүнөн өндүрүлгөн көмүрдүн кымбаттап жатышы кардарларды нааразы кылууда.