Көмүр ташыгандардын көйгөйү (видео)

601

Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр ташыган «КонтактУглеПром» компаниясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. УКМКдан кабарлашкандай, иш «коммерциялык же башка уюмдардагы ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталды. Эми Бишкек ТЭЦине аталган компаниянын көмүр жеткирүүсү канчалык мыйзамдуу экени текшерилет.

Казакстандык ишкана жылуулук борборуна 400 миң тонна көмүр жеткирүү милдетин алган. Ал арада Таш-Көмүр шаарынан ТЭЦке кара отун ташыган айдоочулар нааразы болуп чыгышты. Алардын айтымында, быйыл электр станциялары ишканасы жергиликтүү көмүрдү ташууга чектөө киргизип, Казакстандан алууну көздөп жатат.