Конфискацияланган этти 150 миң долларга сатып жиберген сот аткаруучу кармалды

3180

Чет өлкөдөн контрабандалык жол менен кирип, конфискацияланган этти сатып жиберген сот аткаруучу кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучусу жок кылууга жиберилген өрдөк этин сатып жиберген.

Эске салсак, былтыр 23-май күнү Биринчи май райондук соту аткезчилик менен алынып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу тууралуу чечим чыгарган. Чечимди жүзөгө ашыруу азырынча аты-жөнү ачыкталбаган сот аткаруучуга жүктөлгөн. Бирок Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал кызматкер этти жок кылбай эле, 150 миң долларга сатып жибергенин аныктаган.

Маалыматка ылайык, сот аткаруучу болгону 5 тонна этти жок кылган. Шектүүгө карата «конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу» беренеси менен кылмыш иши ачылып, ал УКМКнын тергөө абагына камалды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.