Конфискацияланган мүлктүн акчасы бюджетке түштүбү же… (видео)

1079

Бишкек менен Лондон Кыргызстандан уурдалган миллиондорду артка кайтаруу боюнча кызматташканы турат. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт “Азаттыкка” берген маегинде айткан. Бирок дипломат иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн кеңири маалымат берген жок. Эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугушуп, уурдалган акчаны артка кайтаруу боюнча сүйлөшүшкөн. Лондондо «Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрук» деген түшүнүк бар.

Эгер сот Британияда жашаган кандай гана адам болбосун, анын байлыгынын булагы күмөн жаратса, чоо-жайын түшүндүрүп берүүгө милдеттендирет. Буга баш ийбеген адамдын байлыгы конфискацияланат. Так ушул мүмкүнчүлүк Улуу Британияда качып жүргөн Максим Бакиевге карата колдонулушу ыктымал. Эсиңерде болсо эки жыл мурда АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич, тагыраагы Максим Бакиевдин кезиндеги жакын адамы Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн коррупциялык схемалары тууралуу айтып чыккан. Анын болжолдуу эсеби боюнча, Кыргызстандан бери дегенде эле 400 миллион доллар чыгарылып кеткен. Эгер Лондон менен бул жааттагы сүйлөшүүлөр оңунан чыгып, өлкөдөн уурдалган миллиондор казынага кайтарылса, бир топ тыгынчык болмок.

2010-жылы апрель окуясынан кийин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жана алардын тегерегииндеги адамдарга таандык делген 47 объект улутташтырылган. Кийин соттун чечими анын жарымы мамлекеттин карамагына алынган. Алардын канчасы сатылды, канчасы кимдин колуна өттү белгисиз. Бул маалыматтар дегеле ачыкталбай келет. Былтыркы жылга карата маалыматты карасак, 2010-жылдан бери мурдагы аткаминерлердин мамлекеттин карамагына алынган мал-мүлктөрүнүн саны 122ге жетиптир. Бирок бул статистикага өткөн жылы соттолгон Икрамжан Илмиянов, Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлктөрү кирген эмес. Соттун өкүмү угузулуп жатканда, коррупционерлердин топтогон байлыктары мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнү көп эле айтылып жүрөт. Бирок алар кандай колдонулуп жатканы тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе. Ошол эле хансарайлар, квартиралар сатылып акчасы бюджетке түштүбү же дагы бир чоңдун байлыгына кошумча болдубу — белгисиз.