Конфискацияланган үйлөр карапайым элге ипотекага берилет (видео)

1472

Жыл башынан бери өз ыктыяры менен юридикалык жана жеке тараптар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна 10 турак-жай өткөрүп берген. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди. Айтымында, сот аркылуу конфискацияланган мүлктөрдү кошкондо, быйыл мамлекетке алынган турак-жайлардын саны 20га жакын.

Эми алар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталына киргизилип, ипотекалык жол менен жарандарга берилет. Конфискацияланган үйлөрдүн арасында Райымбек Матраимовдон алынган 7 батир, Курманбек, Жаныш, Максим, Марат Бакиевдердин улутташтырылган мүлктөрү бар.