Коңшу Казакстанга кол суналы (видео)

782

Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып билдирди. Анда Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалады.

Ал арада Кыргызстандык активисттер Казакстандын Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампасында жарылуудан жабыркагандарга көмөк көрсөтүү максатында гуманитардык жардам чогултууну башташты. Ошондой эле, Элсомдо электрондук капчыгында атайын эсеп ачылган.