Коңшу өлкө жашылчаларды киргизбей опузалап жатабы? (видео)

784

Дыйканчылык өлкө аймактарындагы киреше берүүчү негизги тармактардын бири. Бирок элеттиктердин арасында, өндүргөн түшүмүн өткөрө албай кыйналгандар азайбай келет. Быйыл өстүргөн картөшкөсүн сата албай жаткандар өзгөчө көп. Бул маселени чече албаган, бир жылдык бюджети 2 миллиард сомго жакын айыл-чарба министрлигин сындабаган кишини табуу кыйын. Миңдеген тонна картөшкө өткөн жылдан бери кампаларда жыйылып, четинен чирип, фермерлер менен ишкерлер зыян тартышууда.

Бир жыл мурда түшүмдү кошуна Өзбекстанга сатууга жардам беребиз деген өкмөткө ишенип алган дыйкандар азыр кирише тапмак тургай, чыгымдарын актай албай калганын айтышууда. Бул жумада болсо биздин картөшкөнү жана айыл-чарба өндүрүмдөрүнүн дагы бир нече түрүн Казакстан өз аймагына киргизүүгө тыюу салганы белгилүү болду. Анын расмий себеби — Кыргызстандык картошкөдөн кошуна өлкөнүн фитосанитарлары нематода куртун табышыптыр. Бирок биздин адистердин айтымында, ал зыянкечтин жайылышы Казакстандын өзүндө биздегиден эки эсе көп экен. Коңушу мамлекеттин мындай кадамынын себеби башкада, дейт Кыргызстандын айыл чарба министрлиги.

Көрсө, расмий Астана биздин суу сактагычтардан чыккан суунун көлөмүн көзөмөлдөөнү каалап жатыптыр. 3,5 жыл мурда Евразия экономикалык биримдигине кошулуп жатканда Кыргызстан эми 170 миллион адам жашаган базарга эч бир тоскоолдуксуз чыга алат деген убадалар айтылган эле. Иш жүзүндө болсо, кошуна мамлекет бир туруп биздин сүт, эт азыктарын киргизбей койсо, эми минтип жашылча-жемиштерибизге тыюу салып жатат.