Конституция өзгөртүү төңкөрүштөр менен аяктайбы? (видео)

544

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактоо үчүн, азырынча Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө зарылчылык жок. Конституция бийлик рычагдарын күчтөндүрүү максатында гана өзгөртүлүп, анын кесепети төңкөрүштөр менен аяктады.

Бул тууралуу парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда айтылды. Ошондой эле, отурумда адаттагыдай эле социалдык маселелер көтөрүлдү. Бирок депутаттар көйгөйлөрдү айтып чыкканы менен, Өкмөт аны чечпестен, кагаз жүзүндө гана калтырууда дешет эл өкүлдөрү.