Конституциялык соттун төрагасы эмнеге отставкага кетти? (видео)

2044

Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев отставкага кетти. Ал өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Депутаттар бир суроо узатпай туруп, Жогорку сот менен Конституциялык соттун төрагаларынын өтүнүчүн канааттандырышты. Эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, өзүнчө органга айланган Конституциялык соттун төрагасына кимдердин талапкерлиги каралып жатат?