Конституцияны депутаттар окуп чыга элекпи? (видео)

3072

Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору менен Жогорку Кеңештин депутаттары кийинки аптадан тарта таанышып чыга башташат. Учурда документ парламенттин лингвистикалык экспертиза бөлүмүнөн өтүп жатыптыр. Ошол эле маалда аны коомдук талкууга чыгаруу керекпи деген суроодо депутаттардын пикири экиге бөлүнүүдө.

Айрымдары Конституциялык кеңешменин талкуусу жетет дешсе, кээ бири бул регламентке каршы келерин айтышууда. Ошондой эле, документ боюнча Конституциялык палатанын корутундусун алып, керек болсо Венеция комиссиясына да жөнөтүп коюуну сунуштагандар бар.