Конституцияны өзгөртүү — саясатчылардын эрмегине айландыбы? (видео)

759

Конституцияны өзгөртүү — кыргыз саясатчыларынын эң жакшы көргөн эрмегине айлангандай. Бул ирээт Баш мыйзамдын Жогорку Кеңешке тийиштүү беренелерин, шайлоо тартибин өзгөртүүнү каалагандар көп. Соңку эки чакырылыштагы парламенттин ишине, жалпы эле анын сапаттык курамына нааразы болгондор дагы жетиштүү. Шайлоочулар партиялардын башчылары менен бир нече таанымал саясатчыга добуш беришет.

Бирок Жогорку Кеңешке келген депутаттарды көпчүлүгү башка адамдар болуп калганына нааразы болгондор арбын. Мисалы, үч жолку депутат Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, азыркы депутаттардын ар бирин жеке карай келгенде, аларды эл шайлаган эмес. Парламентте өздөрүн элдин өкүлүбүз, деп отургандар жөнүндө алардын соңку жоруктары тууралуу берүүбүздө өзүнчө сөз болот.

Мындан тышкары, Баш мыйзамды өзгөртөбүз деп жаткандар мамлекеттин башкаруу формасын так аныктоо зарыл дешүүдө. Толугу менен парламенттик же биротоле президенттик республика болуп, мыйзам менен Кыргыз саясатындагы чыныгы абалды шайкеш келтирүү зарыл экен.

Буга чейин Конституция 11 жолу өзгөртүлдү. Ал реформалардын бардыгынын себеби бир гана — президент менен парламенттин ортосундагы бийликти бөлүштүрүү. 2010-жылдан бери Кыргызстан парламентаризм жолуна түштү деп айтылганы менен, иш жүзүндө, реалдуу саясатта президенттин үстөмдүгү жоюлган жок. Жогорку Кеңеш барган сайын алсыз, сабатсыз, коркок болуп бара жатканын дагы тануу кыйын. Эми Конституция 12-жолу өзгөртүлгөндө дагы, эл анын пайдасын сезет, деп эч ким кепил боло албайт. Балким, маселе Баш мыйзамда эмес, болгону ал аткарылбай жатканындадыр.