Конституцияны өзгөртүүдөн жашоо оңолобу? (видео)

1037

Күзүндө бир эле парламенттик шайлоо эмес, референдум дагы өтүшү мүмкүн болуп турат. 2020-жылы сентябрда, 10 жыл мурда киргизилген мораторийдин мөөнөтү аяктайт. Бул күндү чыдамсыздык менен күткөндөр, ар кандай долбоорлорун даярдап талкууларга коюп, эл алдына чыга башташты. Азыр баш мыйзамды өзгөртөбүз деген күчтөр толтура. Президент Сооронбай Жээнбеков болсо, конституциялык реформа өткөрүү ниети жок экенин бир нече жолу айткан. Өлкө башчынын пикиринде, кеп баш мыйзамда эмес, аны аткарып жаткандарда. Ошентсе дагы, азыр көрүнүктүү, абройлуу саясатчылар Кыргызстандыктар башкаруу формасын так аныктап алыш керек, бул үчүн бүткүл элдик добуш өткөрүү зарыл деп айтып, кайрылуу жолдогон жайы да бар. Мындан башка дагы кыймылдар түзүлүп, парламенттик шайлоого чейин ушул жайда эле референдум өткөрүп, анда Жогорку Кеңештеги депутаттардын санын 65-70ке чейин азайтып, бир округдан бир эл өкүлү деген нормага кайтып келүүнү демилгелеп жатышат.

Элдик курултай институтун ишке киргизе албай чуркап жүргөндөр дагы, баш мыйзамды өзгөртүү үчүн жарандардын колун топтоп, Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, парламентке документтерин өткөрүп берген. Жаңы жылдын алдында эле депутаттар ал демилгени карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзгөн. Бирок андан бери 2 ай өтсө дагы эч кандай жаңылык жок. Кыргызстан чындыгында эле азыр конституциялык реформага муктажбы? Баш мыйзам өзгөрсө эле жашоо оңолуп кетеби? Бул суроолорго ооба деп жооп бериш кыйын. Өлкө эгемен алгандан бери конституциябыз ондон ашык жолу алмашты го. Элге пайдасы тийдиби? Бийликтегилер эле жыргабаса. 30 жыл ичиндеги конституцияны кайра-кайра алмаштырган учурлар кийинки материалда.