Контейнерде билим алып жаткан балдарга эл жаңы мектеп куруп берүүгө даяр

872

Нарын областынын жетекчилиги контейнерде окуган балдар боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, 2-сентябрь күнү Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кеңеш айылындагы авариялык абалдагы Казаалы Абиров атындагы орто мектепке элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында барышкан.

Маалыматка ылайык, 1973-жылдары курулган мектепке 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда деген корутунду чыгарылган. Бирок айылда башка мектеп жок болгондуктан балдар 2019-жылдын май айына чейин ал жерде окуп келишкен.

Ал эми 2019-2020-жылдардагы жаңы окуу жылында тиешелүү мекеме тарабынан алты мобилдик мектеп берилген. Тактап айтканда, контейнерлер жеткирилген. Учурда ал жерде 172 окуучу эки нөөмөт менен окуп жатат.

Белгилей кетсек, интернетте контейнер-мектептин ачылышына барган аткаминерлердин сүрөтү тарап, ал коомчулукта кызуу талкууларды, сын-пикирлерди жаратууда. Учурда кырдаалга көңүл кош эмес жарандар жаңы окуу жайды ашар жолу менен тургузууну демилгелеп жатышат. Бир тобу мектептин пайдубалын тургузуп, цемент, кыш менен камсыз кылууга даяр экенин айтып чыгышты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.