Контейнерден жасалган мектеп. Жаңы имаратка эл акча чогултууда (видео)

787

Гүлмира Кудайбердиеванын кызматтан кеткенинин себеби расмий айтылбаса дагы түшүнүктүү болду. Акыркы убакта анын дарегине карата сын-пикирлер күчөгөн. Айрыкча Нарын областынын Кеңеш айылында балдар темир контейнерлерде окуп жатканы билим берүү министрине нааразычылыкты көбөйттү.

Учурда өлкө боюнча алты мобилдик мектеп иштеп жатат. Алардын бири — Нарын районунун Кеңеш айылындагы билим уясынын бүгүнкү кейпи көпчүлүктү кейитти. Мындан улам банктык эсеп ачылып, эл тарабынан акча чогултулууда. Курулуш материалдарын берүүгө даярлар да четтен чыгат.