Контрабанда боюнча түшүнбөстүктөр жоюлду (видео)

681

Мындан ары импорттолгон ар бир товарга бааны Кыргызстан менен Казакстандын Бажы кызматтары биргелешип коюп, салык ошол суммадан алынат. Андан сырткары, эки өлкө ортосунда шек саноолор болбош үчүн бажы көзөмөл пункттары ай сайын эки тараптан текшерүүдөн өткөрүлөт. Мындай милдеттеме жаңы кабыл алынган жол картасында камтылган. Бажы кызматынын төрагасы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кабыл алынган жаңы документтин маанисин түшүндүрүп, бажы тармагын кандай өзгөрүүлөр күтүп жатканы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, эки мамлекет ортосунда контрабанда боюнча түшүнбөстүктөр жоюлду.