“Контрабандага” шектелген депутатка кылмыш иши ачылабы? (видео)

849

Аткаминер менен эл өкүлдөрүнүн кош жарандуулугу аныкталса, «Документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголушу керек. Мындай сунуш парламентте көтөрүлдү. Депутаттардын айтымында, эки өлкөнүн жарандыгын алып жүргөндөрдү жоопкерчиликке тартуунун жол жобосу иштелип чыгышы керек. Антпесе депутаттар же аткаминерлер мандатынан ажыратылат же жумуштан четтетилип, башка жаза албай калат. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда контрабандага айыпталып кармалгандан кийин, ал кошуна өлкөнүн жараны экени аныкталды. Ал кош жарандуулук менен парламентке эки жолу депутат болуп шайланган. Учурда Боршайком анын депутаттык ишмердүүлүгүн токтотууну караштырууда. Ал эми анын эки өлкөнүн жараны болуп туруп, мандат алышына ким жол бергени азырынча түшүнүксүз. Буга чейин ушул чакырылыштагы дагы бир депутат Жыргалбек Саматов Россиянын жараны экени ачыкка чыккан соң, мандатынан ажыратылган.