Коомчулук коррупция менен күрөшүүдө президентти колдоого даяр (видео)

756

Президент коррупция менен күрөшүүдө жарандык коомдун жардамына муктаж экенин билдирди. Өлкө башчы жакынкы күндөрү активисттер менен жолугушуп, жемкорлукту жоюу боюнча сунуштарды кабыл алууга даяр. Өз кезегинде жарандык коомдун өкүлдөрү дагы президент менен кезигүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтышат. Анткени аларда коррупция гүлдөгөн тармактар жана ага жол берген мамлекеттик кызматкерлердин тизмесинен бери бар. Мунун баарын өлкө жетекчисинин өз колуна берүүгө даяр. Эксперттердин айтымында, бийлик жарандык коом менен тыгыз кызматташса, иш бир топ эле илгерилейт.