Коомчулуктун үшүн алган криминалдык топтордун тирештери (видео)

590

Акыркы күндөрү криминалдык топтордун тирештери адам өлүмү менен аяктоосу, бала уурдоо сымал көрүнүштөр коомчулуктун үшүн алып койгондой болду. Криминал баш көтөрө баштадыбы деген суроолор арбып, айрымдары кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү менен күрөшүү чабал жүрүп жатканын айтып чыгышты. Ал арада ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламентте депутаттын суроосуна жооп берип жатып, «уюшкан кылмыштуу топтор болгон жана боло берет» деген пикири коомчулукту ого бетер ойго салды.

Адистердин айтымында, кийинки убакта ар кандай уюшкан топтор жанданып, түрмөлөрдө радикал күчтөр пайда боло баштаганы байкалат. Мындай көрүнүш шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатканда өтө кооптуу, дешет алар. Мындан улам, бул жаатта 7 жылдан бери ордунан жылбай турган мыйзам долбоорун тезинен кабыл алуу керек дегендер арбын.