Коомдук бирикмелер Кулчумановго байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти

1181

 “Азаттык” радиосунун операторунун иш учурунда техникаларын тартып алган жарандар аныкталып, алар тергөө кызматына өз көрсөтмөлөрүн берип жатышат. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Тергөө иштеринин алкагында алынган далил буюмдарга ээлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт жана тартылып алынган видео-фото тасмалар болсо, атайын экспертиза дайындалат. Ошондой эле, жабырлануучу катары арыз берген «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго анын жараатынын оор-жеңилин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Ушундай эле экспертиза Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн жашоочусу башына дрон аппараты түшкөн жаранга карата дагы дайындалып, аталган көчөнүн жашоочуларын күбө катары суроо улантылууда.

Ал арада бир катар коомдук бирикмелер журналистке болгон кол салууну айыптап, тынчсыздануусун билдиришүүдө. «Журналисттер» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү бул көрүнүштү басма сөз эркиндигине кол салуу катары сыпаттап, журналисттик иликтөөлөргө бут тосуу болуп жатканын айтты.

Ошондой эле, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тез арада иликтөө жүргүзүп, тиешелүү жабдууларды бошотууга чакырды.

Эске салсак, 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Бул боюнча «Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козголгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.