Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев менен маек (видео)

607

Эми Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбү көрсөтмө бермей болушту. Мындай өтүнүчтү айыпталып жаткан тарап киргизип, сот канааттандырды.

Убактылуу өкмөт демекчи, Өмүрбек Текебаев абактан чыккандан кийин, бул жумада 9 жыл мурдагы революциядан кийинки маалда бийликте чогуу иштешкендер жолугушуу өткөрүштү. Ага үч мүчөсүнөн башкасынын баары катышкан. Салмактуу саясатчылардын башын бириктирген чогулушта эмне жөнүндө кеп козголгону ачыкталган жок. Бирок конкреттүү деле чечим кабыл алынбаса керек.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн азыркы маалда чогулуп жатканы эмнеден кабар берет? Алар биригип бир күчкө айланышы мүмкүнбү? Өлкөдөгү саясий күчтөрдүн биригүүсү канчалык реалдуу?