Коомдук ишмерлер Садыр Жапаровго кайрылышты (видео)

2063

Эртең саат 9:00дө Бишкек шаардык сотунда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы каралат. Анын адвокаты Биринчи май райондук сотунунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, 7-июнда шаардык сотко кайрылган. Жактоочусу Өмүрбек Бабановду кармоодо мыйзамдар одоно бузулганын билдирип, аны тил каттын негизинде бошотуу өтүнүчүн келтирген.

Мындай пикирди өлкөнүн бир катар коомдук жана маданий ишмерлери дагы карманышат. Бүгүн алар президент Садыр Жапаровго ачык кат жолдошту. Анда алар Өмүрбек Бабановдун Кумтөр иши боюнча эки айга камакка алынышын таң калуу жана өкүнүч менен кабыл алганын билдиришкен.