Коомдук ишмерлер талапкерлерди адилеттүү жарышка чакырат (видео)

845

Таза коом, таза шайлоо! Бул ураан канчалык бийик болгону менен иш жүзүнө келгенде ал сөз бойдон калып жатат. Мындай пикирди саясий талдоочулар, жазуучулар жана коомдук ишмерлер билдиришүүдө. Айтымдарында, жарышка түшкөн талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөй, алдыда келе жаткан кандидатты атайылап каралоо жүрүп жатат. Жалган маалымат таратуу менен эң ыпылас ыкмалар менен жаманатты кылуу аракеттери айрыкча Коомдук биринчи каналда жүрүүдө. Мындан улам, коомдук ишмерлер административдик ресурстун колдонулушун токтотуп, талапкерлерди таза жана адилеттүү жарышка чакырышууда.