Коомдук ишмерлер жана активисттер бир муштум болуп түйүлдү (видео)

3702

Эл өкүлдөрү өз өмүрлөрү үчүн коркуп, өлкөдө оор абал жаралганда качып чогулбай жатканда коомдук ишмерлер, жарандык активисттер бир муштум болуп түйүлдү. Учурда алар азыркы кырдаалдан чыгуунун жол жоболорун издеп жатышат.

Активисттердин пикиринде алгач өлкөнүн коопсуздугун көзөмөлдөш керек. Андан соң гана люстрация маселесин карап жана шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Парламент жакынкы күндөрү чогулушу керек, буга биз көмөктөшөбүз, дешет активисттер.