Коомдук транспорт катары троллейбусту гана калтыруу демилгеленүүдө

971

Активисттер Бишкек шаарында коомдук транспорт катары троллейбусту гана калтырууну демилгелешүүдө. Учурда бул боюнча кол чогултуу жүрүп жатат. Петицияны Александр Мельников аттуу жаран баштады. Анын айтымында, шаардын экологиясын сактап, экономиканы колдоонун бир жолу троллейбустарды гана калтыруу. Анткени бул транспорттун түрүнөн түтүн чыкпайт, күйүүчү май талап кылынбайт.

Электр энергия менен иштеген унааны киргизүү Бишкек транспорт системасына салынган узак мөөнөттөгү инвестиция, дейт демилгечилер. Троллейбуста жүргүнчүлөр өзүн ыңгайлуу сезип, алардын коопсуздугу да коркунучта болбойт. Антпесе, акыркы убакта маршруттук таксилердин айдоочулары бири бири менен жарышып, тыгын жаратып, ой келди жерге токтоп, ыңгайсыздыктарды жаратууда.

Мындан улам, борбор калаага троллейбус гана жүргүзүлүп, ал эми автобус, маршруттук таксилер чет жактарына чыгарылышы керек, дейт активисттер. Бүгүнкү күнгө карата 2 миңдей кол чогултулган. Документ даяр болгон соң, жаңы шайланган президентке, шаар мэрине жөнөтүлөт.