Коомдук жайлар дезинфекцияланууда (видео)

906

Болуп өткөн митинг жана коронавирус илдетине байланыштуу Борбордук аянтта өтө турган иш-чараларды убактылуу токтотуп туруу зарыл. Мындай билдирүүсүн Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анда аткаминер мындай өтүнүч менен сотко кайрыла турган билдирген.

Ал арада кошуна өлкөдөн чыгып, дүйнөнүн бир топ мамлекеттерине тарап жаткан жаңы типтеги вирустун алдын-алуу үчүн борбор калаадагы бир топ жайлар дезинфекциялана баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо, гигиенаны сактап, киши көп топтолгон аймактардан алыс болууга чакырды.