Коомдук жайлар өрткө каршы талаптардын сакталышы боюнча текшерилет

2004

Бир жума ичинде базар жана коомдук жайлар өрткө каршы талаптардын сакталышы боюнча текшерилет. Мындай тапшырманы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев кечээ өткөн жыйында берди.

Өкмөт башчы соңку мезгилде базарларда, коомдук тамактануу жайларында жана тейлөө объекттеринде орт фактылары көп болуп жатканын белгиледи. Бул жылы бардыгы болуп 14 ири өрт кырсыгы катталган. Алардын ичинен сегизи базарларда болсо, анын катарында «Арзу» жана «Супара» ресторандары да бар.

Ички иштер министрлиги бул боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Милиция кызматкерлери акыркы кырсыктардын келип чыгуу себептери териштирилип жатканын билдиришти.

Мисалы, Караколдогу базарда болгон өрт боюнча учурда болжолдуу версия шашлык жасагандар көмүрдүн чогун аягына чейин өчүрбөй койгондугуна байланыштуу жалын базарды каптаган. Ошондой эле, 3 өрт фактысынын бирөөсүндө да криминалдык мүнөздөгү эч нерсе табылбаганын айтышууда.