Коомдук жайларда бет кап тагынбагандар жазалана баштайт (видео)

3009

Эл көп чогулган коомдук жайларда бет кап тагынбагандар жазаланышы мүмкүн. Бул маселе Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде каралды. Ошондой эле, саламаттык сактоо тутуму менен мамлекеттик органдарга коронавирустук инфекцияга кабылгандардын көбөйүү ыктымалдыгына даяр туруу керектиги эскертилди.

Ак халатчандар коомчулук акыркы күндөрү бет кап тагуу, кол кап кийип, социалдык аралыкты сактоо сымал талаптарга кайдыгер карап калганын айтып, коңгуроо кагышууда. Айтымдарында, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал дагы деле оор бойдон калууда. Коронавирус күчөгөн июль айындагы апааттуу күндөрдө жакындарын жоготкондор дагы жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырышууда.