Коомдук жайларда тамеки чеккендер эми айыпка жыгылат (видео)

1085

Коомдук жайларда тамеки жана кальян чегүүгө тыюу салган мыйзам эки жумадан кийин күчүнө кирет. Тактап айтканда 12-октябрдан баштап буга баш ийбегендерге штраф салына баштайт.

Эгерде кайсы бир жаран темир жол жана автобекет, подъезд, лифт, даараткана, мейманкана, коомдук транспорт, анын ичинде такси, суу жана аба кемелери, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайлары, стадион сыяктуу коомдук жайларда чылым же анын кайсы бир түрүн чексе, анда 1000 сом айып төлөйт. Юридикалык тараптар болсо 5000 сом штрафка жыгылат.