Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынышы мүмкүн (видео)

886

Эми кафе-ресторандарда жана башка коомдук жайларда тамеки тартууга толук тыюу салынышы мүмкүн. Учурда парламентте депутаттардын тобу бул боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Андан тышкары, электрондук чылым, кальян жана насвайды колдонуу жана жарнамалоого дагы тыюу салуу каралган.

Бул демилге коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Бир тарабы тыйуу чараларын колдоп жатса, башкалары өлкө тамекини толук тыюууга даяр эместигин айтышууда. Каршы болгондор тыюу салуу үчүн чылым чегүүчү атайын жайларды даярдоо керек, деп жатышат.