Коопсуз шаар: 10 миң адамдын өлүмүнө ким жооп берет? (видео)

848

«Коопсуз шаар» долбоору күзүндө иштей баштайт. Фото жана видео көзөмөл камералары алгач Бишкек шаарында жана Чүйдө орнотулат. Эгерде долбоордун биринчи этабы ийгиликтүү болсо, анда Ош, Жалал-Абад, Каракол жана башка шаарлар менен жолдордо дагы фото-видео көзөмөл системасы коюла баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өкмөттүк сааттын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Бул жолу долбоор тендерсиз өткөрүлүп, сынак жарыялоо менен шериктеш компания тандалат. 6 жылдан бери жаңжал жана соттошуулар менен коштолгон “Коопсуз шаар” долбоору качан ишке ашат?