«Коопсуз шаар» Адамды басканынан тааный турган программа иштейт

772

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында адамдарды бетинен жана басканынан тааный турган программа иштей баштайт. Бирок ал экинчи этапта жүзөгө ашчу план.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, биринчи этапта Бишкектин негизги көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар катуу айдалган трассаларда 38 видео көзөмөл орнотулат.

Андан кийин эл көп чогулган жерлерге, чек арага, супермаркеттерге камералар коюлат. Ошондой эле биометрикалык байкоо боюнча бетинен, басканынан тааный турган программа киргизилет. Тез жардам, өрт өчүрүү кызматтарынын унаасына GPS навигация коюлат.

Коопсуз шаар долбоорун ишке ашыруу үчүн тендерден Россиялык «Вега» компаниясы утуп алып, эки тараптуу келишимге бир ай мурда кол коюлган. Аны жүзөгө ашыруу жаңы жылдан кийин башталат деп күтүлүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.