“Коопсуз шаар”: Бир күндүн ичинде 14 миңден ашуун жол эрежеси бузулду

794

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкекте 14 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Эми камерага түшкөн эреже бузуулар кайра каралып чыгып, юридикалык баа берилген соң унаа ээлерине айып төлөө билдирмелери жөнөтүлөт.

Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады. Камералар жол эреже бузуунун жети түрүн каттайт. Мындан тышкары, ар кайсы жерде радар орнотулган көчмө аппараттар иштеп турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.