«Коопсуз шаар»: Бишкекте алгачкы эки видеокамера орнотулду

988

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкекте алгачкы эки видеокамера орнотулду.

Көзөмөл жабдыктары Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине тагылган. Азырынча камералар тесттик режимде иштейт.

Эскерте кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну Россиялык «Вега» компаниясы утуп алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.