“Коопсуз шаар” долбоору кайрадан жаңжалга кабылды (видео)

673

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу аракети кайрадан соттук териштирүүлөргө кабылды. Маалымат технологиялары жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимине каршы Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылды. Эске салсак, аталган комиссия долбоорду ишке ашыруу үчүн тендерде утуп чыккан «Вега» концернинин бул тармакта иш тажрыйбасы жок деген жыйынтык чыгарган.

Аталган компания буга чейин жол эрежелери бузулган учурларды видеого жаздыруу боюнча иш алып барбаганы айтылууда. Бирок мындай жүйөөгө «Вега» ишканасы макул болбой, байланыш комитети комиссиянын чечимине каршы сотко кайрылды. Ошентип 6 жылдан бери ишке ашпай жаткан «Коопсуз шаар» долбоору кайрадан жаңжалга кабылды.