“Коопсуз шаар” долбоору: мамлекеттик мекемелер соттошо турган болду

1555

«Коопсуз шаар» долбоору ишке аша электе эле, соттук териштирүүлөрү башталды. Маалымат технологиялары жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимине каршы райондор аралык сотуна кайрылды.

Белгилей кетсек, комиссия долбоорду ишке ашыруу үчүн тендерде утуп чыккан «Вега» концернинин бул жаатта иш тажрыйбасы жок деген жыйынтык чыгарган. Аталган компания буга чейин жол эрежелери бузулган учурларды видеого жаздырып алуу боюнча иш алып барбаганы айтылууда.

Бирок мындай жүйөөгө «Вега» ишканасы макул эмес. Анын негизинде байланыш комитети комиссиянын чечимине каршы сотко кайрылды.