«Коопсуз шаар» долбоорун кытайлык компания ишке ашырабы? (видео)

756

Жол коопсуздугун камсыздаган «Коопсуз шаар» долбоорун кытайлык «Хуавей» компаниясы ишке ашырчудай болуп калды. Айрым маалымат булактарында аталган ишкана менен өкмөт ортосунда келишим түзүлгөнү тууралуу кабар тарады. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктап, бирок азырынча чечим чыга электигин билдиришти. Ал арада, долбоор тендерсиз эле, кытай компаниясына берилип жатканы суроолорду жаратууда. Себеби талапка ылайык, программаны сынактан утуп чыккан тарап гана жүзөгө ашыруусу зарыл. Эл өкүлдөрү болсо, жолдордогу өлүмдөрдүн көбөйүшү, долбоор тезинен ишке киргизүүнү талап кылууда дешет.