«Коопсуз шаар» долбооруна саботаж уюштурулуп жатабы? (видео)

660

«Коопсуз шаар» долбоорун үзгүлтүккө учуратууга аткаминерлер өздөрү кызыкдар. Мындай пикирлер Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитетинин жыйынында бир нече депутаттар тарабынан айтылды. Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоору — 2012-жылдан бери ишке ашпай келет.

Бул жылдар аралыгында өткөрүлгөн тендерлер ишке ашпай жатып үзгүлтүккө учурап келе жатканы — депутаттардын күмөн саноосун жаратты. Соңку сынакта жеңип алган «Вега» компаниясына каршы өкмөттүк орган комиссияга арыз менен кайрылган. Андыктан комиссия мүчөлөрү тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон.